Кыргызстандын кол өнөрчүлөрүнүн конкурсу

Күнү: 

  • I этап – 28 февраль 2019 – ж .  
  • II  этап – 21 март 2019 – ж.

Өткөрүлгөн жери: Курманжан Датка эстелиги жанындагы аянт.

I этап – Анкета боюнча тандоо. Каалочулардын баары катыша алышат.

II  этап –  Көргөзмө – жарманке Бишкек шаарында, “Курманжан Датканын” эстелигинин алдындагы аянтында өткөрүлөт. Ар бир номинациядан 10 чейин эң көп балл алгандар гана катыша алышат. Аларга I этаптан кийин уюштуруучар билдирме жөнөтүшөт. 

Конкурс уюштуруучулары: Кыргызстандын Кол
Өнөрчүлөрчүлөрүнүн Кеңеши, Бишкек Ишкердүүлүк Клубу.

Өнөктөштөр: CACSARC-kg

Колдоо жана каржылоо: NICE-TAK долбоору, Европа бирикмеси жана Германия федеративтик министирлигинин экономика өнөктөшүү агенттиги жагынан каржыланат.  

Конкурстун максаттары:

  1. улуттук кол өнөрчүлүк каада-салттарын сактоо жана өнүктүрүү; 
  2. Кыргызстан кол өнөрчүлүк буюмдарын  сапат стандартын жогорулатууга колдоо көрсөтүү;
  3. кол өнөрчүлөрдү жаңы жана инновациалык, базар талаптарына жооп берген буюмдарды жасагоо колдоо көрсөтүү; 
  4. кол өнөрчүлүктө жаңы аттарды аныктоо жана аларды колдоо; 
  5. кол өнөрчүлүктө жаш аттарды колдоо;
  6. кол өнөрчүлүк салттарын жана буюмдарын калк арасында популяризациялоо;
  7. Кыргызстан кол өнөрчүлүк буюмдарына маркетинг жактан колдоо көрсөтүү.

Катышуу шарттары:

Конкурска Кыргызстандын жарандары, кол өнөрчүлүк менен алектенгендер катыша алат. Жаш, улут, дин жана жынысы жактан катышуу чектелбейт. 

Конкурска кол өнөрчүлүк буюм же коллекция көрсөтсө болот. 

Номинациялар:

  • Мыкты интерьердик чечим
  • Мыкты сувенир
  • Мыкты аксессуар
  • Мыкты саркеч чечим
  • Мыкты уста, чебер

Мыкты интерьердик чечим.

Номинация кол өнөрчүлүктө мыкты интерьедик продукцияларды аныктоого багытталган. Бул номинацияда көрсөтүлгөн продукция күнүгү жашоодо үйдүн жасалгалоосунда практикалык жактан пайдалуу болуш керек.  Мисалы: килем, шырдак, панно, сүрөт, туш кийиз, декоративдик жасалгоолор, үй эмеректери жана башкалар. 

Мыкты сувенир.

Номинацияга кол өнөрчүлүктө базар баалаган сувенирдик, белек катары бере турган продукциялар көрсөтүлөт. Мисалы: белектер, брелоктор, кружкалар, телефон жана ноутбук каптамалары жана башкалар. 

Мыкты аксессуар.

Номинация мыкты аксессуар катары колдоно турган продукцияны аныктоого багытталган. Мисалы: кол каптар, сумкалар, зергер буюмдар, капчыктар, шарфтар жана башкалар. 

Мыкты саркеч чечим.

Номинация мыкты саркеч кийим, бут кийимдерди же аларды коллекцияларын аныктоого багытталган. 

Мыкты уста, чебер.

Номинация өз чарасында мыкты болуп эсептелген чебер, усталарды аныктоого багытталган. Бул номинацияга мыкты кол өнөрчүлөрдүн ар түрдүү продукцияларын көрсөтүүгө болот. Бул номинацияга жогорудагы номинацияларга көрсөтө албаган продукциялар катышса болот. Мисалы: жыгач, булгары, темир, керамика усталары. 

Чектөөлөр:

  1. Конкурска кол өнөрчүлөр өзү гана катыша алышат.
  2. Продукция акыркы ЭКИ жыл арасында жасалган болуш керек. 
  3. Ар бир кол өнөрчү ЭКИ номинацияга чейин продукциясын көрсөткөнгө уруксат.
  4. Буюм же коллекция ЭКИ номинацияга чейин көрсөтсө болот. 

Конкурс өткөрүү тартиби

Конкурс эки этапта өткөрүлөт.

I этап. Анкета аркылуу. Бул этапта катышуучуларды калыстар тобу анкета аркылуу сынашат. Катышуучулар жөнөткөн анкеталар жеке маалыматтан тышкары калыстар тобуна сынака берилет. Сүрөт жана продукция жөнүндө гана маалымат болот. Ар бир катышуучуга упайлар коюлуп, эң көп балл алгандар экинчи турга чакырылышат. Анкета толтуруу жөнүндө бул шилтеме аркылуу билсеңиз болот.

II этап. Финалдык этап. Экинчи этапка ар бир номинациядан 10 чейин эң көп алган катышуучулар чакырылышат. Аларга уюштуручулар атайын кат менен же телефон аркылуу байланышат. Экинчи этап, Бишкекте көргөзмө – жарманке түрүндө болуп өтөт.
Көргөзмө – жарманке кол өнөрчү өзү катышканга муктаж анткени өз продукциясы жөнүндө көбүрөөк маалымат бериши зарыл.