2018 ж. 2-5-сентябрында, Бишкек Ишкерлер Клубунун тобу бул жылдын эң ири иш-чарасы Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюнуна катышты.

Европалык биримдиги жана Германиянын Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү боюнча министрлиги тарабынан каржыланып жана ишке ашырылып жаткан NICE-TAK (Тажикстан менен Кыргызстандагы бизнес ортомчулук уюмдардын жана атаандаштык ишканалардын тармагы) долбоорунун алкагында Бишкек Ишкердик Клубу Кыргызстандын Кол Өнөрчүлөрүнүн Кеӊешинин Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюнуна катышуусуна жардам беришти.

Долбоор жардамы менен КӨКтүн кол өнөрчүлөрү Кырчынданы этнобазарда өздөрүнүн буюмдарын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Categories: Жаңылыктар