Бүгүн 26-июлда, Бишкек шаарында, Ала-Тоо аянтында XIII Эл аралык “Оймо” фестивалы өтүп жатат.

“Оймо” фестивалы 26-29 Июльга чейин Бишкек шаарында жана 31-1 Августка чейин Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт. Майрамдын максаты – Кыргызстандын кол өнөрчүлүк тармагын өнүктүрүү, маданий мурастарын сактоо, ошондой эле Ысык-Көлдү маданий туризмдин эл аралык зонага айландыруу.

Көргөзмөгѳ ар түрдүү өлкөлөрдөн келген кол өнөрчүлөр катышат: Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Индия жана Ооганстандан келген.

Фестивал Кыргызстан ресурстук борбору “CACSARC-kg”, Маданият министрлиги жана Бишкек мэриянын колдоосу менен  өткөрүлөт.

Categories: Жаңылыктар