2017-жылы 4-5 сентябрьда Бишкек шаарында  Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук  Филармониянын алдында  “IV Эл аралык эпикалык маданий фестивалы”  өттү.

Эки күн бою, 4-5-сентябрынан тартып Бишкекте илимий-практикалык симпозиум, “Кыргыз көчү” этнографикалык айылы, көркөм өнөр жана кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү,  “Көп түрдүүлүктү маданий парады” театралдык программасы  жана Эквадордогу белгилүү музыкант Лео Рохастын катышуусу менен концерт ѳттү.

Бишкек Ишкердик Клубу, NICE-ТАК (Networking Intermediaries and Competitive Enterprises in Tajikistan and Kyrgyzstan) долбоору боюнча 4-5-сентябрь арасы  16 кол өнөрчүлөргѳ чатырлар жана транспорт менен камсыз кылып жардам көрсөттү. Ошентип, кол өнөрчүлөр өздөрүнүн мыкты буюмдарын  көрсөтүп  жана жүн боюнча мастер-класска катыша алышты.

NICE-ТАК долбоордун негизги максаты – Тажикстандагы жана Кыргызстандагы кол өнөрчүлүк тармагын өнүктүрүү боюнча өзгөчө басым жасоо менен, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү.  Бул  максат тажик жана кыргыз бизнес-ортомчулук уюмдардын  дараметин колдоосу аркылуу ишке ашырылат.

 

Categories: Жаңылыктар